Коом
Күзөт кызматы Красная речкадагы мектеп-интернатынын балдарын майрамы менен куттукташты
1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери Чүй облусунда жайгашкан Красная речка айылындагы Атайын билим берүү мектеп-интернатына барып, мекеменин тарбиялануучуларына белектерди жана зарыл болгон буюмдарды тапшырышты.
ИИМдин Күзөт кызматы өздүк курамдын атынан балдарды бүгүнкү майрамы менен куттуктап, ар бир балага ден-соолук, бактылуу балалык каалап, тарбиячыларга ыраазычылык билдирди.