Саясат
Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Кыргызстанга келди
Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Белгилей кетсек, Нурмухаммет Аманнепесов Кыргызстанга 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн келди.