Коом

Айтылуу Зардалыга барчу жалгыз жол кар жана таштан тазаланып, кыймыл жанданды

Баткен облусунун Кара-Бак айыл аймагындагы Зардалы айылына барчу жалгыз жол кар жана таштан тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялык министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы 85 чакырымды түзгөн Сох-Кан-Зардалы жолунун 45-68-чакырым аралыгына кар көчкү түшүп, таш кулаган.

“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери аталган жерге барып, жолду тазалашкан. Учурда аталган жолдун 11-чакырымында суунун нугун буруу жумуштары жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button