Коом

Жер мунапысы. Ноокатта 103 жаранга кызыл китеп тапшырылды

Ноокат районунда “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, 103 жаранга турак жайын мыйзамдаштырган кызыл китеп тапшырды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокат районунун Төөлөс, Көк-Бел жана Гулистан айыл аймактарынын кезектеги 103 жаранынын жашап жаткан турак жайлары мамлекеттик каттоого алынып, жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтер, мамлекеттик актылары берилди.

Документтерди президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев тапшырып, мындан ары мыйзам талаптарын так сактоону айтып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, архитектура, мамлекеттик каттоо органдарын ушул мыйзамдын алкагында берилген тапшырмаларды өз мөөнөтүндө бүтүрүү тапшырмасын берди.

Ош облусунда КР президенттинин аталган жарлыгын аткаруу иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Ноокат районунда жарлыктын негизинде 205 жаранга мамлекеттик актылар тапшырылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button