Коом
Бишкектин прокуратурасы “Клооп” басылмасын жоюуну өтүнүп сотко кайрылды

Октябрь райондук сотуна жолдонгон кайрылууда УКМК “Клооп” ар кайсы убакыттта жарыялаган материалдарга тергөө жүргүзгөнү айтылган. Натыйжада “бийликтин саясатын катуу сынга алып, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын баркын кетирүүнү көздөгөн жарыялар басымдуулук кылары” аныкталганы белгиленген.
Документке ылайык, УКМК 2021-жылдын ноябрь айында эле “Клоопко” карата “бийликти басып алууга чакырык жасаган” деген айып менен сотко чейинки териштирүү жүргүзгө баштаганы, буга байланыштуу “соттук-психолого-психиатриялык” экспертизалар дайындалганы да кабарланды. Анда “материалдардын ичинде коомчулуктун пикирине көмүскө манипуляция” камтылган деген бүтүм чыгарылган.



