Умбриэль Темиралиев “Бишкек” эркин экономикалык аймагына жетекчи болду

Умбриэль Темиралиев “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөт билдирди.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Темиралиев 2022-жылдын сентябрынан бери Инвестициялар боюнча улуттук агенттикти жетектеп келген. Кечээ, 7-сентябрда, президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Темиралиев иштен бошотулуп, анын ордуна Талантбек Иманов келген.