Президент Миң-Куштагы окуучуларга эки кичи автобус белек кылды

Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Миң-Куш шаарындагы мектеп окуучулары үчүн бүгүн чоң майрам. Анткени президент Садыр Жапаров убада кылган эки кичи автобус белек катары берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Кызматтык унаалардын ачкычын президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов тапшырды. Эми балдар кышында үшүбөй, ушул унаалар менен мектепке катташат. Буга чейин айыл өкмөтү тарабынан атайын унаа уюштурулуп, алыс жерде жашаган окуучуларды ташычу. Бирок унаа эски болгондуктан, бузулуп түйшүк жаратчу. Эми мындай көйгөй жаралбайт.

Миң-Куш шаарында үч мектеп бар, жалпы 567 окуучу билим алат. Мугалимдердин саны 63.
Белгилей кетсек, ушул жылдын июлунда президент Садыр Жапаров Миң-Куш айылынын жергиликтүү калкы менен жолугуп, анда эл балдарды ташыган автоунаа берүүсүн суранган.



