Уюшкан кылмыштуу топтордун жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР УКМК кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөтү айылында ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай табылып, алынды.

Тактап айтканда, күжүрмөн тапанча (револьвер) – 1 даана; мергенчиликтин жылмакай сайлуу мылтыктары (араланган мылтык) – 2 даана; 6 даана 9 мм калибрлүү патрондор.
Тергөөнүн караштуулугу боюнча материалдар Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди. КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда бул багыттагы ыкчам издөө иш-чаралары Ысык-Көл облусунун аймагында уланууда, – деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.