“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорунун негизинде 3,26 миллиард сом кредит берилди

“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 27-февралындагы №72-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоору бекитилген.

Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 3,3 млрд сом суммасын түзүүдө.

2023-жылдын 14-сентябрына карата Долбоордун алкагында республиканын 7 274 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 266,6 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит берилген.

Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөө көлөмү 3,3 млрд сом, – деп айтылат КР Финансы министрлигинин Басма сөз кызматы билдирген маалыматта.