Бишкекте бейтаптын күйөөсү тез жардам кызматынын дарыгерин ур-токмокко алды

Окуя кечээ кечинде Тез жардам борборунда болгон. Аял дем жетпей жатканын айтып, дарыгерлерге кайрылган. Алар ага жардам бере баштаганда, бейтап аны муунтуп жатканын айтып кыйкырган. Дарыгерлер ага нашатырь спиртин гана жыттатканын айтышкан. 

Андан кийин бейтаптын күйөөсү дарыгерге кол салганын видеодон көрсөңүз болот. Ошо менен токтоп калбастап, достору менен Тез жардам борборунун короосундагы дарыгерлерге да кол салган. Жыйынтыгында бир дарыгер ооруканага жаткырылып, эки дарыгер үйүндө дарыланууда.

Милиция бейтаптын 29 жаштагы күйөөсүн суракка алып, кое берген. Эми анын аракетине экспертизанын жыйынтыгы менен баа берилет.

@user2