УКМК: Талас облусунда 7,5 кг баңгизат саткан канал аныкталды – ФОТО

КР УКМК тарабынан Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас облусунун аймагында баңгизаттарды сатуу каналы аныкталып, бөгөт коюлду.

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдирди.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Н.А. атту жаран Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан алып келинген баңгизатын сатуу менен алектенгени аныкталган.

Жогорудагы факты боюнча, чогултулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында Н.А.нын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, жалпы салмагы 7,5 кг болгон өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү заттар (болжолдуу түрдө “Марихуана”) табылып, алынган.

Учурда соттук-химиялык экспертиза дайындалып, бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.