Бишкекте тыгындарды жоюу үчүн жаңы жол курулууда

Бишкек шаарында жол тыгынын жоюу үчүн жаңы жолдун курулушу башталды.
Муниципалитеттен билдиришщкендей, Элебесов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чыгуучу Арал тилкесинде капиталдык оңдоо иштери башталды. Оңдоодон соң, узундугу 1500 метр, туурасы 6 метрди түзгөн, аталган тилке Абдрахманов көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде альтернативдүү жол болмокчу.
«Бүгүнкү күндө Элебесов көчөсүнөн Дачная көчөсүнө чейинки жол жарым-жартылай асфальтталды. 2 катмар асфальтбетон аралашмасын төшөп, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жакында Элебесов көчөсүнөн Дачная көчөсүнө чейинки тротуарды капиталдык оңдоо иштери башталат.
Буга чейин бул аймакка 3 дренаждык түтүк орнотулган. Курулуш иштеринен тышкары кызыл сызыктан чыгып кеткен тосмолор, кампалар алынды», — деп кошумчалашты мэриядан.
Белгиленгендей, жол оңдоо иштерин 10-октябрга чейин бүткөрүү пландалууда.



