Коом

ИИМдин Атайын багыттагы полкунда Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара өттү

Мамлекеттик тил күнүнө карата ИИМдин Атайын багыттагы полкунда жана анын аймактык бөлүктөрүнүн арасында ар кандай деңгээлдеги атайын иш-чаралар өткөрүлдү. Анда макал-лакап, эне тил ырларын кѳркѳм айтуу боюнча сынактар уюштурулду.


Ошондой эле, жогорку окуу жайдын студенттеринин катышуусунда концерттик майрам уюштурулду.
Белгилей кетсек, 23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 34 жыл мурда, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам 2004-жылдын 2-апрелинде Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button