Коом

Кубанычбек Самаковго депутаттык күбөлүк берилди

Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 24-сентябрда Кубанычбек Самаковду №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты деп каттоо жөнүндө чечим кабыл алды.

БШКдан билдиришкендей, Кубанычбек Самаковго белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

10-сентябрда Бишкек шаарында Жогорку Кеңештин Ленин району боюнча депутаттыкка мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Анда добуштарды электрондук түрдө жана кол менен саноодо Кубанычбек Самаков алдыга чыккан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button