Коом

Бишкектин көчөлөрүнүн аттарын өзгөртүүгө 10 жылга мораторий жарыяланды

Бишкектеги көчө, аянт, аллея, жаңы конуш, сейил бак жана парктардын атын өзгөртүүгө киргизилген мораторий мөөнөтү дагы он жылга узартылды. Бул тууралуу бүгүн шаардык кеңеш чечим кабыл алды.

Депутаттар токтомду талкуусуз кабыл алышты.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык кеңеши аталган мораторийди 2013-жылы кабыл алган.

Ордо кааланын төрт районунун аталышын өзгөртүү боюнча сунуш көптөн бери айтылып келет. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев дагы демилгени колдогон. Инициаторлордун пикиринде, Бишкектин калктуу конуштары кыргыз элине эмгек сиңирген инсандардын атын алып жүрүшү керек.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button