Нарын облусуна 9 айда дем берүүчү гранттын эсебинен 13,6 млн сом жумшалды

Нарын облусу боюнча 2023-жылдын 9 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 13,6 млн сом суммасында 18 долбоор каржыланган.

Финансы министрлигинин Басма сөз кызматы билдиришкендей, анын ичинен:

– 6 мектепке – 4,6 млн сом;
– 3 спорттук курулуштарга – 2,0 млн сом;
– 7 маданий маанидеги объектиге – 4,1 млн сом;
– 2 бала бакчага – 2,9 млн сом.