Аталган иш-чара залкар жазуучунун 95 жылдыгына карата өтүп жатат. Ага КМШ өлкөлөрүнүн депутаттары катышууда. Улуу инсандын карындашы Роза Айтматова жана үй-бүлө башка мүчөлөрү да чакырылган.


КМШдан келген делегацияларга Айтматовдун чыгармалары жана алардын негизинде тартылган кинофильмдер боюнча театралдаштырылган этюд көрсөтүштү. Ал жерден махабатты даңктаган Жамийла менен Даниярды, ак кемесин күткөн Нургазыны кездештире аласыз. Ошондой эле согуштан качкан Ысмайылды, Жер энеге муңун айтып отурган кайраттуу, каарман Толгонайды көрөсүз.
