Коом
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстанга учуп кетти

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстанга учуп кетти. Бул тууралуу атайын кызматтын Басма сөз борборунан билиришти.
Маалыматта айтылгандай, кечээ 30-октябрда Ысык-Көл облусундагы УКМКнын жаңы салынган ирмаратынын ачылуу аземинде төрага Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасында кайрадан аткезчилик көбөйүп жатканын белгилеп, бул мыйзамсыз аракеттерге каршы күрөшүүнү күчөтүүнү талап кылган.
Чек ара маселеси чечилмейинче эч кандай чек ара тилкеси ачылбай турганын жана контрабандага жол берилбестигин эскерткен. Камчыбек Ташиевдин Тажикстанга жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча жолугушуулар өткөрүлөт, — деп айтылат маалыматта.



