Коом
Арча-Бешик конушунда ташталган ымыркайды таята-таенеси убактылуу карайт багып алат

Баланын таятасы арыз менен кайрылганын мэриянын Социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Бактыгүл Исмаилова билдирди. Анын айтымында, наристе учурда балдар үйүндө.
«Документтерин толук берсе, таята, таенесине убактылуу (6 айга чейин) кароого берилет. Мөөнөтү аяктагандан кийин баланын кийинки тагдыры чечилет», — деген Исмаилова.



