Бишкектин четинде таксистке эки жүргүнчү бычак менен кол салган

Аламүдүндө такси айдаган кишиге эки жүргүнчүсү бир нече ирет бычак урганын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Кечээ, 6-декабрь күнү, 52 жаштагы киши милицияга арыз жазып кайрылган. Ал өзүнүн Toyota Echo үлгүсүндөгү машинасы менен жүргүнчү ташып иштей турганын билдирген.

“52 жаштагы кишини 6-декабрга караган түнү Луговое айылында эки адам тоскон. Алар унаага отуруп 500 метрдей жылгандан кийин бирөөсү таксистке сол тарабынан бир нече жолу бычак урган. Кылмышкерлер машинадан акча, телефон алып из жашырып кеткен. Жабырлануучу Чүй облустук ооруканасына жеткирилген”, — деди милиция.

Факты каттоого алынып, “Каракчылык” беренеси боюнча иш козголгон. Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 38 жаштагы О.М. жана 20 жаштагы Ш.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда алардын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу такталып жатат.