Бишкектеги бир катар базарлардын администрациясы соодагерлерге ижара акысын төмөндөтөт

Мисалы, “Оберон” базарында ижарачыларга 20% арзандатуу бериле турганы айтылды. Ал эми “Дордойдо” 30%га чейин болору күтүлүүдө. “Аламүдүн” базарында төлөмдөр 30-50%га төмөндөйт. 

Ошондой эле “Орто-Сай” базарында дагы ижаранын баасы төмөндөй турганы айтылды. Соода борборлордун ээлери министрлер кабинетинин салык реформасын ушундай жол менен колдоону чечти. 

Буга чейин УКМК башчысы Камчыбек Ташиев ижара акысын жок дегенде эки эсе арзандатуу керектигин айткан.