Коом
Тоңдогу «Аалам ордо» комплекси калыбына келтирилиши мүмкүн

Меценат, коомдук ишмер маркум Ташкул Керексизовдун демилгеси менен курулган комплекс 15 жылдан бери кароосуз турат.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү маданий-агартуу жайынын абалы менен таанышып, учурдагы көрүнүшү тынчсыздантканын айткан.
Ал министрлер кабинетине объектини калыбына келтирүү боюнча сунуш берерин билдирди.



