Маданият

Кыргызстан менен Катардын маданияты, тарыхы, каада-салттары тууралуу тасма тартылат

Кыргызстан менен Катардын маданияты, тарыхы жана каада-салттары тууралуу тасма тартылат. Мындай макулдашууга эки өлкөнүн маданият министрлери Алтынбек Максутов жана шейх Абдулрахман бен Хамад бин Джассим бин Хамад Аль Танинин эки тараптуу жолугушуусунда жетишилди.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 23-январда Катардын Доха шаарында өткөн.

Анда министрлер маданият тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жолдорун талкуулашты.

Алтынбек Максутов Катар тарапка жылуу кабыл алуу жана меймандостук мамиле үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз тараптын эки тараптуу маданий байланыштарды бекемдөөгө умтула берүүнү баса белгиледи.

Катардын маданият министри өз кезегинде эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль-Танинин 2023-жылы Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бекемделгенин белгиледи. Министр ошондой эле кыргыздын салттуу маданиятына суктануусун билдирди.

Мындан тышкары, аталган жолугушууда тараптар медиа тармагында тажрыйба алмашуу, эки өлкөнүн элдерине тааныштыруу максатында тиешелүү адистердин өз ара иш сапарларын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button