Коом

Жоголгон сумкадагы акча өз ээсине тапшырылды

Лейлек РИИБдин милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнө 2024-жылдын 27-апрель күнү эрте менен саат 06.00дө телефон аркылуу жолдун четинде сумка жаткандыгы боюнча маалымат келип түшөт.

Маалыматты угар замат Лейлек РИИБдин милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү милициянын майору Зулпидин Аширов айтылган дарекке барып, сумканы алып ичинде 61800 сом бар экендигин байкайт. Ошол замат сураштырып отуруп, сумканын ээси ким экендигин аныктайт.
Көрсө сумканын ээси Раззаков шаарынын тургуну Ош шаарына жөнөп жатып, сумкасын жолдо түшүрүп койгондугу такстыкталат. Сумканын ээси милиция кызматкеринин бул эмгегине ыраазы болуп, акчаларын алып, батасын берди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button