Коом

Бишкекте эртеңден тарта №56 жаңы автобус каттамы ишке кирет

Бишкек шаарында 25-январдан тарта №56 жаңы автобус каттамы ишке кирет. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Мындай чечим шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруу жана экологиялык таза транспортторду туруктуу өнүктүрүү максатында кабыл алынган.

Каттам Чоң-Арык айылынан айланма жол менен жүрүп, Байтик баатыр, Жибек Жолу, Ч.Айтматов проспектилерин камтыйт. Анын узундугу 24 чакырымга созулат. 25 автобустун кыймыл интервалы 10 мүнөттү түзөт. Аталган каттам №55 маршруттун карама-каршы багыты боюнча жүрөт.

Мэрия буга чейин Бишкекте автобустар үчүн бир чоң шакекче жана анын ичинде перпендикуляр кыймылды камсыз кылган чакан шакекчелерди түзүүнү пландаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button