Коом

Окуучу кызды сүзүп кеткен Балыкчы ШИИБдин башчысы Бектур Осмонбаев кармалды

Бул маалыматтын алдында эле УКМК Осмонбаевге издөө жарыялаган. Көп өтпөй ИИМ ШИИБ башчысы кармалып, тергөө кызматына берилгенин кабарлады. Андан соң тергөө иштерин жүргүзүү үчүн ал УКМКга өткөрүлүп берилет.

Эскерте кетсек, кечээ Балыкчыда окуучу кызды белгисиз айдоочу учура сүзүп, из жашырып кеткен. Жабыркаган кыздын атасы автоунааны милициянын начальниги башкарып баратканын айткан. Кийин унааны  ШИИБ башчынын аймактык тескөөчү болуп иштеген иниси айдап  баратканын моюндаган.  Экөө тең кызматтан четтетилип, бир эмес эки кылмыш иши козголду. Медиктер кыздын абалы туруктуу оор дешүүдө. 

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button