Коом
Депутат электрондук тамеки чегүүгө толугу менен тыюу салууга белсенди
Депутат иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Эгер демилгеси колдоо тапса баш ийбегендерге төмөнкүдөй айып сайлынат:
▪️Электрондук тамеки чеккендерге — 40 миң сом
▪️саткандарга — 50 миң сом (юридикалык жактар 65 миң)
▪️ташып келгендерге — 150-200 миң сом же бирден эки жылга чейин эркинен ажыратуу.
Ташиевдин айтымында, соңку жылдары окуучулар арасында электрондук тамеки чеккендер кескин көбөйүп кеткен. Буга электрондук чылымды кадимки тамекинин ордуна коопсуз альтернатива катары көрсөтүү себеп болгон. Болбосо ден соолукка олуттуу зыян тийгизет.



