Машыктыруучу ордунда калабы? Ташиев Штефан Таркович менен жолукту

Кыргыз футбол биримдигинин президентти Камчыбек Ташиев жаңы кызматына байланыштуу жолугушууларды өткөрүүнү улантууда. Ал биримдиктин эмгек жамааты жана аткаруу комитетинин жаңы курамы менен жыйын өткөрдү.

Бүгүн уюмдун президентти Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу — Штефан Таркович менен сүйлөштү.

Экөө 2026-жылда өтө турган Дүйнө чемпионатына квалификациялык оюндарына болгон даярдыкты талкуулашты.

Белгилей кетсек Камчыбек Ташиев улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу менен жолуккандан кийин анын кийинки тагдыры боюнча чечим кабыл аларын айткан.