Маданият

Кыргыз Эл артисти Талгарбек Жакшылыков дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү опера ырчысы Талгарбек Жакшылыков 60 жашында акка моюн сунду. Бул тууралуу маркум ырчынын санаалашы, кинорежиссер Темир Бирназаров кабарлады. Анын айтымында Жакшылыков соңку кезде ооруп жүргөн.

Талгар Жакшылыков 1964-жылы Алматы облусунун Балкаш районундагы Куйган кыштагында туулган.

1984-1986-жылдары Караколдогу Ыбрай Туманов атындагы музыкалык окуу жайында окуган. 1987-жылдан 1993-жылга чейин Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын хорунда ырдаган. 1993-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөндөн кийин театрда узак жылдар бою солист катары эмгектенген.

1998-2000-жылдары Италиянын Кальи шаарындагы Мар­во Дель Монако академиясында сабак алган. 2001-жылдан кийин Казакстандын Астана шаарындагы опера жана балет театрында да иштеген.

Кыргыз улуттук опера жана балет театрында король Рене (П. Чайковский‚ «Иоланта»)‚ Тегирменчи (А. Даргомыжский‚ «Cуу периси»)‚ Кончак (А. Бородин‚ «Князь Игорь»)‚ Мефистофель (Ш. Гуно‚ «Фауст»)‚ Тейитбек (Н. Давлесов‚ «Курманбек»)‚ Коңурбай (В. Власов‚ А. Малдыбаев‚ В. Фере‚ «Манас») жана башка каармандардын партияларын ырдап, дүйнөлүк жана жергиликтүү композиторлордун ырларын‚ романстарын чебер аткарган. Көптөгөн чет өлкөлөрдө гастролдо болгон.

2003-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы менен сыйланган Талгарбек Жакшылыков соңку кезде Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияда эмгектенип жаткан.

Жакындарынын айтымында ырчынын сөөгү кайда коюлары тууралуу маалымат кийинчерээк берилет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button