Коом
Айыл чарба министринин жаңы орун басалары дайындалды
Асел Кененбаева суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы кол койгон башка тескеме ылайык, Мирбек Дуйшеев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды.



