Коом

ИИМде коомдук тартипти сактоодогу негизги багыттар талкууга алынды

2024-жылдын 19-мартында ички иштер министри Улан Ниязбеков кылмыштуулуктун алдын алуу жана коомдук тартипти сактоо багытында маселелерди талкууга алган онлайн кеңешме өткөрдү.


Онлайн режиминде өткөн кеңешменин ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө бир катар маанилүү багыттар аныкталып, тапшырмалар берилди.
“Аймактардагы ички иштер органдарынын башкармалыктары Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен бирге, республикалык масштабдагы алдамчылык кылмыштарынын бетин ыкчам ачуу, кылмышка шектүүлөрдү тез арада аныктап, аларга чара көрүү жана алдын алуу иш-чараларын күчөтүүнү тапшырамын. Элдин коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жарандарды сервистик тейлөө жана башка маанилүү багыттар боюнча жемиштүү натыйжаларга жетишибиз керек.
Биз коомдук тартипти сактоого багытталган көптөгөн милдеттерди мыйзам чегинде аткарып, улам барган сайын калкыбыздын коопсуздугу жакшыруусу зарыл. Республикадагы бардык ички иштер органдарынын биринчи жетекчилерине — ыкчам иш-чараларды уюштуруп, зарыл аракеттерди жүргүзүүнү буйрук кыламын”,- деди Улан Ниязбеков.
Ошондой эле, кеңешмеде эл арасына дүрбөлөң салып, жеке кызыкчылыгы же өз максатына жетүү үчүн көрүлгөн аракеттердин баарына бөгөт коюлуп, мыйзамдын талаптарын бузган адамдар катуу жоопкерчиликке тартыла тургандыгы алдын ала эскертилүүсү тапшырылды.
“Мыйзамды билбестик – жоопкерчиликтен бошотпойт. Андыктан, бул багытта ченемдик нормалардын талаптарын бардык жарандарга так түшүндүрүү иштери алып барылсын.
Жарандардын турмуш-тиричилигине терс кесепетин тийгизген мүлк кылмыштарын жана алдамчылыктарды алдын алуу иш-чараларын күчөтүп, профилактика жумуштарын жүргүзүү сапатына көңүл бурулсун. Аларга талдоо жүргузүлүп кылмыштарга талдоо жүргүзүп, тиешелүү кодекстерге жана мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жумуштары алып барылсын. Жарандардын кайрылууларын калыс чечүү принциби сакталсын.
Коомдук жайларда, көчөлөрдө жана эл көп чогулган аймактарда жасалган укук бузууларга бөгөт коюу чаралары күчөтүлсүн. Өздүк курамдын тарбиясын чыңдап, элге ак кызмат кылуу принцибин бекем сактаңыздар. Кызматкерлердин мыйзам бузуусуна жол бербегиле. Өздүк курамдын тартибине катуу көңүл бургула. Таалим-тарбия иштерин чыңдагыла. Ишмердикти жандантып, талыкпастан иштеңиздер.
Ар бир жетекчи өзүнүн аткарган ишмердигин тариздеп, кайсы жерден кемчилик кетти, кайсы багыттарды чыңдоо зарыл экендигин баамдап, көйгөйлөрдү жоюп, иш алып барыңыздар. Коомчулук арасында одоно тартип бузууларды болтурбоо үчүн жалпы коомдук эрежелердин нормаларын туура сактоо багытында жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу атайын эскертүүчү социалдык роликтерди, маалыматтарды чагылдырып туруңуздар.
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 13-март күнү Министрлер Кабинетинин 2023-жылга карата иш-чаралар планын аткаруу боюнча жыйынтык чыкты. Баалоо методикасына ылайык, ар бир министрлик жана ведомстволордун бир жыл ичинде аткарган ишмердиги, аны менен бирге жетишкендиктери каралып, жалпысынан 16 мамлекеттик орган “эң мыкты” деген баага татыктуу болду. Анын ичинде, эң мыкты деген баалоонун алдыңкы сабында Ички иштер министрлиги белгиленди. Андыктан, быйылкы жылы талыкпай эмгектенип, элдин коопсуздугун мындан дагы жакшыртууга, жүктөлгөн милдеттерди так аткарууга тынымсыз иш-чараларды жүргүзүү зарыл. Жогоруда аталган жакшы көрсөткүчтөрдү туура сактап, элдин ишенимин дагы жогорулатуу боюнча талыкпаган иш-чараларды дагы улантабыз, күчөтөбүз. Ал үчүн, орун алган кемчиликтерди жоюп, көйгөйлөрдүн пайда болуусун алдын алуу багытында сапаттуу иш алып барыңыздар. Быйылкы жылы көптөгөн ири долбоорлорду жана алдыга койгон максаттарды аткарып, элдин коопсуздугун дагы бекемдеп, баарыбыз биргеликте жүктөлгөн милдеттердин өтөөсүнө чыгабыз деп ишенем”,-деп сөзүн жыйынтыктады ИИМ башчысы.
Жогоруда аталган маселелер боюнча ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button