Окуялар

Токмокто жөө адамды өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Токмокто жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн болжол менен саат 01:30 чамасында Токмок шаарынын Ленин-Колхозный көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда белгисиз айдоочу унаа менен жашы болжол менен 50-55 эркек кишини сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумган.

Бул факты боюнча Чүй облусунун аймагында «Тосмо» иш мерчеми киргизилип, Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугшун камсыздоо кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларынын жүргүзүп, кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары «Фолсфаген» үлгүсүндөгү авто унаанын 2001-жылы туулган А.И.М. аттуу айдоочусун шектүү катары кармашкан.

Азыркы учурда авто унаа айып короо жайына киргизилип, ал эми айдоочусу тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн, Токмок РИИБнин Тергөө кызматына жеткирилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button