Спорт

Олимпиаданын лицензиясы үчүн кайсы грек-рим балбандары күрөшөрү айтылды

Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган Азиялык лицензиялык мелдешке Кыргызстандын атынан грек-рим күрөшү боюнча кайсы балбандар катышары белгилүү болду. Аталган мелдеш 19-21-апрелде Бишкекте өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаменти  билдиргендей, ага Кыргызстандан 4 балбан катышат.

Лицензиялык мелдешке катыша турган балбандардын тизмеси:

  • Амантур Исмаилов — 67 кг
  • Асан Жанышов — 87 кг
  • Үзүр Жузупбеков — 97 кг
  • Роман Ким — 130 кг

Эскерте кетсек, грек-рим күрөшүндө 60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг салмактары олимпиадалык болуп саналат. Буга чейин 60 кг салмакта Жоламан Шаршенбеков жана 77 кг салмакта Акжол Махмудов лицензия алган.

Булак: Репортер сайты

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button