Коом

Акылбек Жапаров 10 күндүн ичинде өлкөдөгү өткөрүү пункттарынын айланасында тартипти орнотууну тапшырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына өлкөдөгү бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарынын айланасында жана аймагында тартипти орнотууну тапшырды. Тиешелүү тапшырмаларды ал “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгүн көргөн учурунда берди. 

МинКаб Төрагасы өлкө жарандарынын жана конокторунун көзөмөл-өткөрүү пунктары аркылуу өтүү учурунда аларга ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. 

Ал көзөмөл-өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан жерлерди көрүп жатып, иштебей турган күркөлөрдү жана имараттарды демонтаждоо, айлананын тазалыгын сактоо жана көрктөндүрүү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагынан тартипти калыбына келтирүү зарылдыгын белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button