Коом

МРТ, компьютердик томографияга эми Улуттук госпиталдан да түшсө болот

Бишкектеги Улуттук госпиталда магниттик-резонанстык томография (МРТ), компьютердик томография жана ангиография кабинети иштейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, бейтаптар дарыгердин жолдомосу менен кабыл алынат.

Изилдөө баалары:

МРТ текшерүү — 2100 сом. Бул бөлмө 24 саат бою иштейт;

компьютердик томография — 1400 сом;

ангиографиялык текшерүү — 5828 сом. Ангиографиялык текшерүүгө керек болгон материалдарга бейтап өзүнчө төлөйт.

МРТдан өтүү үчүн талаптар:

эгер бейтап ички органдарын текшерте турган болсо тамак, суюктуктарды ичпей келиши керек;

кийимде металл буюмдар болбошу керек;

бейтаптын денесинде металл импланттар да болбойт.

Министрлик Улуттук госпиталдын базасында бейтаптарды кайра жандандыруу унаасы менен республиканын бардык аймактарына жеткирүү кызматы көрсөтүлөрүн кошумчалады.

«Жол кире баасы саатына 826 сом, эки саат эрте чакыруу керек. Күйүүчү майды чакырган тарап куюп берет», — деп жазылат маалыматта.

Кененирээк маалымат алуу жана алдын ала жазылуу үчүн 1295 кыска номерине же 0755600161 номерине чалуу сунушталды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button