
Бул тууралуу Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, аял Делиден Бишкекке Казакстан аркылуу учуп келе жаткан.
Санитардык дарыгерлер текшерүү жүргүзүп, анализдин жыйынтыгын алгандан кийин холера деген диагноз коюшканын @SputnikKZ жазды.
Бейтап байланышта болгон жүргүнчүлөр жана учактын экипаж мүчөлөрү ооруканага жаткырылды. Башка жүргүнчүлөргө симптомдор пайда болгондо дароо дарыгерге кайрылуу сунушталды.
📌 Холера коркунучтуу жугуштуу оору, анда ич өткөк жана кусуу байкалат. Өз убагында дарыгерлерге кайрылбаса өмүргө коркунуч жаратат.



