Коом
УКМК: Эл аралык издөөдө жүргөн чет өлкөлүк аял кармалды

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан Интерполдун Кыргыз Республикасындагы Улуттук борбордук бюросу менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында өзгөчө коркунучтуу кылмышкер катары Интерпол эл аралык кылмыш полициясы тарабынан изделип жаткан чет мамлекеттин Ч.Д. аттуу жараны аныкталып, кармалды.
Аталган чет өлкөлүк жаран өнүккөн өлкөлөрдүн аймагында мыйзамсыз миграцияны уюштуруу жана чет элдик жарандарды мыйзамдаштыруу боюнча адистешкен эл аралык кылмыштуу чөйрөнүн уюштуруучусу болуп саналат.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында кармалган жаран КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.



