Бишкектеги массалык мушташ. 3 чет элдик жаран кармалды

17-майда Бишкектин Чүй-Курманжан Датка көчөлөрүндө жайгашкан жатаканага эл чогулганын жана ал жакта ызы чуу болгонун окуянын күбөлөрү билдирди.
Буга чейин 13-майда ушул жерде чет элдиктердин катышуусунда мушташ болгон.
Учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатат. Ал жерде эл көп чогулгандыктан унаалардын жүрүшү да кыйындаган.
Бул фактынын негизинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда окуя болгон жерден 3 чет элдик жаран кармалды. Алар 2000-жылы туулган А.М., 2003-жылы туулган А.М., жана 2003-жылы туулган С.Х. кармалып, Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Мындан тышкары окуя болгон жерден дагы бир топ адамдар аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн мушташка катышкан адамдар такталууда.
Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын бузгандыгы үчүн, башка кылмыштарды жасаган тиешелүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылаарын эскертет.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.



