Коом
ИИМ: Адылбек Бийбосунов Бангладеш Республикасынын Элчиси Ислам Мухаммад Монирул менен жолугушту

Бүгүн, 21-майда Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов Бангладеш Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ислам Мухаммад Монирул мырза менен жолугушту.
Тараптар коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылууда өлкөлөр ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Адылбек Бийбосунов бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет мамлекеттердин жарандарынын, өзгөчө студенттердин туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча министрлик тараптан ар тараптуу чаралар көрүлүп жаткандыгын билдирди.
Өз кезегинде Элчи Ислам Мухаммад Монирул кырдаалдын турукташуусуна үмүт артып, ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин белгиледи.



