Коом
Садыр Жапаров Бишкектеги жарнамалык такталарды LED-экрандарга алмаштырууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэриясына шаардагы эски жарнамалык такталарды 31-августка чейин LED-экрандарга алмаштырууну тапшырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Шаардын ичиндеги эски жарнамалык такталарды 31- августка чейин толугу менен тазалап, шаардын көркүнө ылайыктуу жана ыңгайлуу жерлерге LED-экрандарга алмаштыргыла. Шаардын ичин ирээтке келтиргиле!
Эски замандан чыккыла! Эшикте 21-кылым», — деп жазды өлкө башчысы.



