Коом

Бишкекте экинчи Тез жардам клиникасы ачылат

Бишкекте экинчи Тез жардам клиникасы ачылат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кечээ Жогорку Кеңештин комитетинде билдирди.

Анын айтымында, шаарда калктын саны өсүп, суткасына 200-300гө чейин адам тез жардамга кайрылууда.

«Учурда Бишкекте бир эле Тез жардам клиникасы бар. Шаар чоңоюп жаткандыгына байланыштуу мурдагы Аламүдүн облустук оорукананы экинчи Тез жардам клиникасы кылганы жатабыз», — деди Бейшеналиев.

Ошондой эле ал Тез жардам кызматы өлкөдө акысыз тейлей турганын кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button