Коом
Алымкадыр Бейшеналиев аймактарга жаш адистерди тартуу үчүн кандай иштер жасалып жатканын тизмектеди

Саламаттык сактоо министринин «Биринчи радиого» айткандары:
▪️Сентябрга чейин 500дөй жаш адиске депозит ачылат
▪️Жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүп батир, жашаганга жай акысыз берилип жатат
▪️Окуу жайды аяктагандар менен сүйлөшүүлөр жүрүп, аймактарга жөнөтүлүп жатат. Маселен, алар алыскы аймактарга барганда айлыгы 12-15 миң сом болот. Депозит бир айга 22 миң сом болуп, кошкондо 40 миңге чейин алышат
▪️Аймактарга педиатр, неонатолог, жалпы хирург, анестезиолог-реаниматологдор жетишпейт. Бул багыттагы медиктерге 1-июлдан тарта 20 миң сомдон компенсация төлөнмөй болду
▪️2-3-жылдын ичинде медиктердин айлыгы 100 миң сомго жетип калат



