Коом

Кыргызстан базальт кендерин иштетүүнү көздөөдө

Өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында Министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны өтүп, анда 2024–2030-жылдарга карата “Базальт булалары жана материалдары” мамлекеттик программасын бекитүү чечими кабыл алынды.  Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Мамлекеттик программа Кыргызстанда болгон жогорку сапаттуу базальт кендеринин негизинде өнөр жайдын жаңы базальт тармагын түзүүгө, заманбап эл аралык технологияларды, жабдууларды, ошондой эле эл аралык тажрыйбасы бар жогорку квалификациялуу адистерди жана технологдорду тартуу мүмкүнчүлүгүнө багытталган.

Аны ишке ашырууга тиешелүү  министрликтер жана административдик ведомстволор квартал сайын отчет берип турууга милдеттендирилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button