Коом
Акылбек Жапаров медицина кызматкерлерине 26 машина тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров саламаттыкты сактоо кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы медиктерге 2024-жылы чыгарылган Toyota HILUX үлгүсүндөгү 26 пикаптын ачкычын тапшырды.
Ал медицина кызматкерлеринин эмгеги эң маанилүү, баа жеткис жана татаал экенин белгиледи.



