Окуялар

Өспүрүмдү опузалоого шектелген 22 жаштагы милиционер камакка алынды

Бул тууралуу ИИМ кабарлады.
Министрлик эсин жоготуп койгон бала 16 жашта экенин, милиционер андан 1000 сом алганын айтты. 

Жалпы жонунан Башкы прокуратура менен ИИМ берген маалымат окшош эле. Топтошуп турган балдарга формачан киши келип, коомдук жайда электрондук чылым чеккени үчүн айып салам деп коркуткан. ИИМ милиция кызматкери өспүрүм эсин жоготуп койгондо жардам бербей кетип калганын тастыктады. 

Министрликтин ички тергөө кызматы иликтөө жүргүзүп жатканы, анын жыйынтыгы менен чечим чыгарары айтылды. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button