Коом

Чүй облусунун жол тескөөчүлөрү наристенин өмүрүн сактап калышты

Чүй облусунун жол тескөөчүлөрү наристенин өмүрүн сактап калышты.

Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 27-июль күнү болжол менен саат 20:00 чамасында “Бишкек – Алматы – Ташкент” унаа жолунда кызмат өтөп жаткан жол кайгуул кызматкерлерине келин жаш баласы кыйналып, дем ала албай жатканын айтып, жардам сурап кайрылган.

Дароо кызматкерлер ыкчам аракеттерди көрүү менен ымыркайды энеси менен Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө жайгашкан ооруканага тез арада коштоп жеткиришип, алгачкы жардам көрсөтүшкөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button