Окуялар
Жалал-Абадда аялын мурду сынгыча сабаган окуя катталды

Жалал-Абадда жубайынын кийимдерин тытып, кошуналарынын көзүнчө сабап жаткан эркек кишини видеосу социалдык желелерде талкуу жаратты.
Кадрдан кийимдери айрылып, бети канжалап жерде жаткан аялды көрүүгө болот.
Окуя 8-августтун кечинде болгон. Жабырлануучу чатак аны туулган күнү менен куттуктаган пост социалдык тармакка чыккандан кийин башталганын айтып берген. Келин кош бойлуу экендигин кошумчалаган.
Ал арызын сабалгандын эртеси жазган. 24 жаштагы күйөөсү аялы уруш учурунда тиштеп алгандан кийин коюп жибергендигин милицияга айткан.
@abal-kg



