Коом

Нарында электр автобустар каттай баштайт

Нарын шаарында 16-августтан тарта электр автобустар каттай баштайт. Жол кире 10 сомдон болот. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгү билдирди.

Электр тогу менен жүргөн 5 автобус бюджеттик насыяга 66 млн сомго сатып алынган. Насыя 7 жылда төлөнүп бүтүшү керек.

Электр автобустардын үчөө РТС чөлкөмүнө, экөө Москва чөлкөмүнө каттайт.

Автобустардын ар бири 36 орундуу, аларда кондиционер, пандустар жана башка бардык ыңгайлуу шарттар бар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button