Дүйнө

Кан куткарбайт: Хакасияда 28 жыл мурда киши өлтүргөн кыргызстандык соттолду

Хакасияда кыргызстандык 28 жыл мурда жасаган кылмышы үчүн 9,5 жылга соттолгонун Россиянын Тергөө комитетинин маалыматына таянып орус басылмалары жазып чыгышты.

Анда айтылгандай, сот Кыргызстандын жаранын 9,5 жыл эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган. Ал жаза мөөнөтүн катаал режимдеги абакта өтөйт. Азырынча өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Кыргызстандык Москвада кармалган. Ал 90-жылдардын ортосунда Хакасияда бизнес түптөгөн, ошол жылдарда аялдын өлүмүнө кириптер болгон.

30 жаштагы аялдын сөөгү Абакандагы үйлөрдүн биринен 1996-жылдын март айында табылган. Өз убагында киши өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголгон, бирок кылмышкерди табуу мүмкүн болбогондуктан иликтөө иштери токтотулган.

53 жаштагы кыргызстандык ушул жылдын ферваль айында Москвадан кармалган. Ага Россиянын Кылмыш кодексинин негизинде айып тагылган.

Кармалгандан кийин кыргызстандык күнөөсүн моюнуна алып, киши өлтүргөндөгү жагдайларды айтып берген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button