Коом

Кыргызстанда товардын акчасын кайтаруудан баш тарткандарга айып пулду 3 эсеге көбөйтүү каралууда

Экономика министрлиги тиешелүү мыйзам долбоорун парламентке киргизди. Анын максаты — керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону күчөтүү. 

Муну менен кепилдик берилген тейлөө мөөнөтүнөн жана сапатсыз товарды алмаштыруудан баш тарткан жеке жактар үчүн айып пул 15 миң сомду (азыр 5 миң сом), юридикалык жактарга 51 миң сомду (азыр 17 миң сом) түзөт. 

Мыйзамга мындай дагы сунуштар киргизилген:

▪️Өлчөөдөн, эсептөөдөн алдаган жеке жактар 16,5 миң сомго (азыр 5,5 миң сом), юридикалык жактар 51 миң сомго (азыр 17 миң сом) айыпка жыгылат

▪️Товарды сатууда таңгакта көрсөтүлгөн баадан жогору сатса — жеке жактарга 3 миң сом (азыр 1 миң), юридикалык жактарга 15 миң сом (азыр 5 миң) айып салынат

▪️Улуттук валютадагы баалар тууралуу маалыматтын жоктугу үчүн — жеке жактарга 3 миң сом (азыр 1 миң), юридикалык жактарга 15 миң сом (азыр 5 миң) айып салынат

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button